Мыйзамсыз ишкердик
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МЫЙЗАМСЫЗ ИШКЕРДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, андай улуксат (лицензия) милдеттүү болгон учурда, ишкердик кылуу ишин каттоосуз же атайын улуксатсыз (лицензиясыз) ишке ашыруудан, же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен ишке ашыруудан, ал жосун жарандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян келтирүүсүнөн, ири өлчөмдө киреше алуусунан көрүнгөн экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш.